Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Сирия: АКШ козголоңчуларды куралдандыруу ниетин өзгөртүшү мүмкүн


Өлкөнүн коргоо министри Чак Хейгел сириялык козголоңчуларды курал-жарак менен камсыз кылуу боюнча Ак үй өзүнүн позициясын кайра карап жатканын маалымдады. Журналисттер менен жолугушууда окуянын ар кандай өнүгүшү талданып жатканын, анын ичинде оппозицияга курал берүү да бар экенин белгиледи. Хейгел өзү Башар Асаддын режимине каршы чыккандарга курал таратуу адилет чечим болор-болбосун чече электигин кошумчалады.

Ушул тушта АКШ Сириядагы козголоңчуларга гуманитардык жана аскерий эмес жардам көрсөтүп жатат. Сунниттер басымдуулук кылган сириялыктар Катардан жана Сауд Арабиядан аскердик жардам алып жатканы айтылат. Дамаскты болсо курал-жарак жактан Иран менен Орусия колдойт. (EBM)

XS
SM
MD
LG