Кулап түшкөн учак боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" аэропортундагы Транзит жүк ташуучу борбордун маалымат кызматынан кабарлашты. "Кырсыкка учураган учак аталган борборго таандыкпы, жокпу, азырынча так айта албайбыз", - дешти борбор өкүлдөрү.
Бүгүн түштөн кийин Чүйдүн кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар айылынан 10 чакырым түштүк тарапка учуп бараткан учак кулап түштү. Алдын ала маалымат боюнча ал "Манастагы" Транзит жүк ташуу борборунун май ташуучу учагы болчу. (RK/BkA)