Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Кулаган учактын учкучун издөө уланууда


Чүйдүн тоо тарабына кулап түшкөн учакты айдап келаткан учкучту издөө уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Панфилов районунун акиминин орун басары Канат Давлетов билдирди.

Анын айтымында, учурда учак күйүп бүттү. Ичинде эч ким жок. Себеби ал жүргүнчү ташыган эмес, карамай ташыган учак болчу. Окуя болгон жакта малын жайып жүргөн чабандар учак кулап келатканда анын ичиндеги учкуч чыгып кетүүгө, башка жерге түшкөнгө үлгүргөнүн айтууда. Азыр аны издеп жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча, "Манас" Транзит жүк ташуу борборунун май ташуучу учагы бүгүн түштөн кийин Чүйдүн Чалдыбар айылынан 10 чакырым түштүктү карай жерге кулап түшкөн. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG