Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Орус оппозициясы Болотнаянын бир жылдыгын белгилейт


Орусиядагы оппозициялык күчтөр Болотная аянтындагы митингдин бир жылдыгын дүйшөмбү күнү белгилешет. Орусия оппозициясын бириктирген Координациялык Кеңеш бейшемби күнү Москва шаар бийликтеринен 30 000 адамга чейин Болотная аянтында чогулууга уруксат алды. Шаар аркылуу жөө жүрүшкө макулдук берилген жок. Активист Надежда Митюшкина "Эркин Европа/Азаттык" үналгысына айткандай, бул митингдин негизги максаты - митингдерди өткөрүүдөгү айрым чектөөлөр жана кыйынчылыктарга каршы чыгуу.

Өткөн жылы Болотная аянтында оппозиция дал ушул чектөөлөрдөн улам, 2012-жылдын 6-майында бийликке каршы өткөн митингден кийин ондогон оппозиция активисттерине кылмыш иштери козголгон. Былтыр 6-майда митинг учурунда анын уюштуруучулары менен полиция ортосунда кагылышуулар болгон. Оппозиция полиция атайын чагымчыларды жөнөткөн жана митингчилердин жолуна бөгөт койгон деп келет (AiK)

XS
SM
MD
LG