Чүй облусунда кырсыкка учураган учактын маркасы "Боинг-707". Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
ӨКМдин маалыматы боюнча, 14:55те Фрунзе айыл өкмөтүнүн Чорголу айылы менен Чолок-Арык айылынын ортосуна "Манас" Транзит жүк ташуу борборунун май куйуучу учагы кулап түштү. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов вертолет менен барды.
Кулап түшкөн учак күйүп бүттү. Жергиликтүү тургундар арасында, алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учкуч учак кулап түшкөнгө чейин эле чыгып кетүүгө үлгүргөнү айтылууда. (RK)