Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

АКШ кыргыз милициясына бомба аныктай турган жабдуу берди


АКШ өкмөтү кыргыз милициясына жарылуучу заттарды таап аныктоочу наркы 40 миң долларлык жабдууларды берди. Аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, бул Террорчулукка каршы жардам программасынын алкагында ишке ашты. Аталган программанын негизинде 2008-жылдан бери Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин миңдей кызматкери жардырууну иликтөө боюнча АКШда билимин өркүндөтүп келди. Ошондой эле террорчулукка каршы программаларга катышты.

Элчи Памела Спратлен жабдууларды тапшыруу Бостон жардыруусунан кийинки кийин кыйын кырдалга туш келгенин, террорчулук дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун коркунучтуу экенин белгиледи. АКШ өкмөтүнүн мындай жардамы Кыргызстанды террорчулуктан сактарына ишеним артты. (EBM)

XS
SM
MD
LG