Бүгүн Ошто жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн арасында волейбол боюнча өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн турнири өтүүдө. Иш-чара 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20 жылдык мааракесине арналып уюштурулган. Ал Оштогу Балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук бийликтин басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Анын айтымында, спорттук мелдешке 8 команда катышууда. Алар аймактагы жети райондун администрациясында жана облустук бийликте иштеген кызматкерлер. Иш-чараны өткөрүүгө Ош облустук мамлекеттик администрациясы 60 000 сом каражат бөлгөн. (SE)