Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатып, айыл өкмөт башчылары менен мэрлерди шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат деп билдирди. Ошондуктан БШК өзүнүн мыйзамдагы укугунан пайдаланып, шайлоо эркиндигин кыянатчылык менен пайланууга жол бербөө максатында мындай аракети далилденип, аныкталган депутаттарды кийинки шайлоого талапкер кылып каттабоо тууралуу токтом кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгына ылайык, 26-майда Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болот.
Былтыр күзүндө 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Айрым жерлерде коалициялык көпчүлүк түзүү, анын негизинде мэр, аким жана айыл өкмөттөрүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолгон болчу. (EBM)