Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Тоо тектин жылышынан Кумтөр 60 млн. доллар зыян тартат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси, Кумтөрдө борпоң тектин жылышын иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, борпоң тектин жылып жатканынан улам кен иштеткен компаниянын кампаларын, подстанцияларын көчкү басып калуу коркунучу туулду. Ошондуктан аларды коопсузураак жерге көчүрүү керек. Темири иленген борпоң текти да ташып жылдыруу зарыл.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кенинде темир аралашпаган тек (порода) катмарынын жылышы боюнча жагдайды талкуулаган болчу. Анда окуяны жеринен териштирүү үчүн Кумтөргө атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Комиссия чукул арада тектин жылышынын экологияга жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген кесепетин аныктап, маселени чечүү тууралуу сунуш даярдамакчы.

Атамбаев кенди иштеткен Centerra Gold компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине да тиешелүү баа берилиши керектигин эскерткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG