Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Кырсыктаган учактын калган учкучтары табыла элек



Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Чалдыбарга жакын жерге кулаган учактын кара кутусу да табылбай жатат.

Аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 280-беренеси (темир жол, аба жана суу унааларын кыймылга келтирүүдө жана иштетүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кечээ кылмыш иши козголду. Ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы карап жатат.

3-майда асманда жарылып, жерге бир нече сыныкка бөлүнүп түшкөн учакта үч же андан көп учкуч болгону айтылууда. Кечээ болжолдуу түрдө эки учкучка таандык делген дене бөлүктөрү табылган. “Боинг 707” учагы “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык. (AKu)

XS
SM
MD
LG