Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

КОК 60 миллион доллар чыгым тартып жатканын айтууда


Алтын казылып алынгандан кийин төгүлгөн тектердин жылуусунан улам имаратын көчүрүп жаткан ишкана 60 миллиондой доллар чыгым тартарын "Кумтөр оперейтинг компанинин” жетекчилиги алар менен жолуккан комиссияга айткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын илимий инженери, көз карандысыз эксперт Исакбек Торгоев билдирди.

Жылып жаткан тоо-таш ишкананын администрациясы, унаа оңдоочу устаканасы, электр түйүнү жайгашкан имаратты басып келаткандыктан аны көчүрүү иштери жүрүп жатат. Исакбек Торгоевдин айтымында, көчүрүү иштерин ишкана 2003-жылдан бери пландаган, бирок быйыл марттын ортосунан тарта тек суткасына 5 метр жыла баштаганда гана чара көрүлө баштаган.

Исакбек Торгоев “курамында металл жок, порода” деп айтылган борпоң текте чынында металл калдыктары болгонун, муз аралашкан тек ошондуктан ээрип жатканын кошумчалады. Иштетилген тек “Давыдов” мөңгүсүнө төгүлөт, анын көлөмү 1 миллиард тоннадай.

2-майда президент Алмазбек Атамбаев Кумтөрдөгү тектин жылып жатышы боюнча комиссия түзүүнү өкмөт башчыга тапшырган. Комиссия жагдайды изилдеп, сунуштарды камдап, ишкана жетекчилигинин ишине баа берүүгө милдеттендирилген. Комиссия ишинин жыйынтыгын өкмөткө эртең угузат. (AKu)

XS
SM
MD
LG