Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Чүйдө кыйраган учактын кара кутусу табыла элек


3-майда Чүйдөгү Чалдыбар айылына жакын жерде кырсыкка учураган учактын кара кутусу жана үчүнчү учкучтун сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, дем алыш күндөрү министрликтин атайын тобу кырсык болгон жерде издөө иштерин улантышты. Бирок андан эч кандай майнап болгон жок.

3-майда Чүйдүн Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг-707” учагы кулап түшкөн. Маалыматка караганда, учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрткө бөлүнүп түшкөн. Учакта үч киши болгон. Өткөн ишембиде эки учкучка таандык деген адамдын күйүп кеткен денесинин бөлүктөрү табылганы кабарланган. Кырсык боюнча атайын комиссия түзүлүп, кыйроонун себептери иликтенип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG