Ливиянын парламенти жекшембиде люстрация мыйзамын кабыл алды. Бул мыйзамга ылайык, Муаммар Каддафи башкарган жылдарда жогорку кызмат ээлегендердин жакынкы беш жылда кайрадан бийликке келишине тыюу салынат. Парламент бул мыйзамды бир нече күнгө созулган талаш-тартыштан соң кабыл алды. Бул учурда 2011-жылы Каддафинин бийлигин кулаткан ыңкылаптын катышуучулары мыйзамдын кечеңдешине нааразы болуп жатышты.
Талдоочулар бул мыйзам учурдагы бир катар жетекчилерге тиешелүү болоорун эскертип жатышат. Анын ичинде премьер-министр Али Зейдан да бар. Ал 1980-жылдары дипломат катары Каддафинин бийлигине кызмат кылып, кийин оппозицияга өткөн.