Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Кыйраган учактагы учкучтардын ысымдары аталды


“Манас” аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борбор АКШнын Коргоо министрлигине шилтеме кылып, Чүйдө кырсыкка учураган учактын ичиндеги экипаж мүчөлөрүнүн ысымдарын жарыялады. Алар: 27 жаштагы капитан Марк Т. Восс, 27 жаштагы капитан Виктория А. Пикни жана 30 жаштагы техник-сержант Герман Маки III.

Буга чейин болжол менен эки учкучтуку делген күйгөн дененин бөлүктөрү табылганы кабарланган.

3-майда Чүйдүн Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг 707” кулаган. Маалыматка караганда, учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрткө бөлүнүп түшкөн. Кырсык боюнча өкмөт атайын комиссия түзгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG