Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрүүгө каршылар митинг өткөрдү


Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Кыргызстан жаштар кеңеши, “Ала-Тоо жаштары” жана Кыргызстан элдик саясий кыймылдарынын 5 чакты өкүлү нааразылык акцияга чыкты. Алар “Тестирлөөгө өзбек тилин кошуу мыйзамсыз”, “министр Сыдыков кыргыз тилине чыккынчылык кылба” деген жазууларды кармап турду.

Буга чейин билим министри Канат Садыков быйыл жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде да өткөрүлөрүн, бул тилде тест тапшырууну каалагандар 1,5 миңден ашаарын маалымдаган. Былтыр тестирлөөнү өзбек тилинде да тапшыруу коомчулукта чоң талкуу жараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG