Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ооганстан жана Пакистан аскерлери кайра ок атышты


Ооган бийликтеринин маалымдашынча, аткылашуу Нангархар провинциясынын чыгышындагы Пакистанга чектеш Гошта районунда дүйшөмбү күнү болду. Өткөн аптада да талаштуу тилкеде Пакистан тарап орноткон чек ара дарбазасын жана бекетин Ооган күчтөрү кыйраткан кезде эки тарап аткылаша кетип, бир ооган аскер окко учкан. Талаштуу чек ара XIX кылымда Британ оторчулары орноткон Дюран сызыгында жатат. Ишемби күнү президент Карзай Исламабадды Кабылга кысым жасап, Дюран сызыгын Пакистандын эл аралык чек арасы деп таанытканга аракеттенүүдө деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG