Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Кенияда ирандык эки жаран өмүр бою эркинен ажыратылды


Ахмад Мухаммед жана Саед Мансурду сот жардыргыч заттарды сактаган жана Кениянын шаарларында бомба чабуулдарды пландаган деп тапты. Сотто айтылгандай, экөө Найроби жана Момбаса шаарларында чабуул жасаганды пландаган террордук уюм менен байланышта болгон деп да шектелди.

Найробинин сот төрагасы Киари Вевару: "Айыпкерлер жазаны жеңилдетүүнү жана кечирим берүүнү сурашканын уктум. Бирок мурдагы террордук чабуулдардын курмандыктары, жетимдер, тул калган аялдар менен эркектер адилеттүүлүктү талап кылып зарлашууда. Мен ошондуктан ар бир айыпталуучуну №1 өмүр бою; №2 – 10 жылга; №3 – 15 жылга эркинен ажыратам. Өкүм азыр күчүнө кирүүдө, алар 14 күн ичинде доо арыз берсе болот", - деп жарыялады сотто.

Ирандык жарандар былтыр июнда Найробиде кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG