Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

БУУ: Сирияда химиялык курал колдонулганы жөнүндө ишенимдүү далил жок


Улуттар Уюмунун комиссиясы Сириядагы каршылашкан эки тараптын химиялык курал колдонгонун ачык тастыктаган далилдер жок экенин билдирди. Эл аралык көз карандысыз комиссия мындай билдирүүнү анын мүчөсү, Гаагадагы эл аралык трибуналдын мурдагы прокурору Карла дел Понте жекшемби күнү швецариялык медиага "көтөрүлүшчүлөр сарин газы пайдаланып жасалган химиялык куралды колдонгон" деп айткандан кийин жасады.

Адаватчылар дел Понте айымдын сөзүн калп деп четке каккан. Бүгүн баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюм Израил авиациясы жекшемби күнү Дамасктын жанына урган соккудан 42 аскер курман болгонун маалымдады. Израилдин айтышынча, бутага Сирия өкмөтү эмес, "Хезболланын" согушчандары алынган.

XS
SM
MD
LG