Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

АКШ Сириялык козголоңчулардын химиялык курал колдонгонуна ишенбейт


Кошмо Штаттар Сириялык козголоңчулардын химиялык курал колдонгонуна ишенбей турганын билдирди. Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни мындай билдирүүнү Эл аралык көз карандысыз комиссиянын мүчөсү, Гаагадагы эл аралык трибуналдын мурдагы прокурору Карла дел Понте жекшемби күнү швейцариялык медиага "көтөрүлүшчүлөр зарин газы пайдаланып жасалган химиялык куралды колдонгон" деп айткандан кийин жасады. Карла дел Понте дарыгерлердин маалыматына таянып, козголоңчулардын химиялык курал колдонушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок кийинчерээк эл аралык комиссиянын башка мүчөлөрү Сирияда химиялык курал колдонулганы жөнүндө ишенимдүү далил жок экенин билдирип чыгышты.

XS
SM
MD
LG