Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Кумтөр: борпоң тек күнүнө 3,5 метрге жылып жатат


Кумтөр кениндеги борпоң тектин жылышын иликтеген өкмөттүк комиссия бүгүн ишинин алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Комиссия төрагасы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын башчысы Осмонбек Артыкбаев эксперттерден, мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле лаборатория-институттардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ экология жана өнөр-жай коопсуздугуна тийгизген кесепетти иликтөөнү улантып жатканын билдирди. Учурда кооптуу деп аталган 30 жайдан күнүгө эки маал маалымат алынууда.

Артыкбаевдин айтымында, Кумтөр бир күндө темири эленген 600 миң тонна борпоң тек чыгарат. Жыйырма жылга жакын убактан бери мындай тектин өлчөмү 1 миллион метр куб болгон жана күнүгө 3,5 метр жылып келатат. Учурда анын кайсы бир бөлүгүн көчүрүү үчүн коопсуз жай табылды. Ушул тушта комиссия менен биргеликте калган бөлүгүн жылдырганга жай изделүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG