Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Кумтөрдө уулуу заттар көмүлгөн жайга коркунуч жок


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Кумтөрдө борпоң тектин жылышын иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук агенттигинин жетекчиси Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, кенди иштетүүдөн чыккан уу зат калдыктары көмүлгөн жай борпоң тек жылып жаткан жерден алыс турат. Тектин жылышынан Кумтөр кенин казган компания кампаларын, электр подстанцияларын көчүргөнү жатат. Буга 60 миллион доллар кетери маалымдалган.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кенинде темир аралашпаган тек (порода) катмарынын жылышы боюнча жагдайды талкуулаган. Анда окуяны жеринен териштирүү үчүн Кумтөргө атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Атамбаев кенди иштеткен Centerra Gold компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине да тиешелүү баа берилиши керектигин эскерткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG