Окуя бүгүн өлкөнүн түндүк-батышында болду. Бомба чабуулунан кеминде сегиз киши мерт кетип, бир нечеси жаракат алды.
Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн “Азаттыктын” пакистан кызматы - “Машал” радиосуна айтканына караганда, жанкечти Хайбер-Пактунхва провинциясынын Хангу районундагы базарда муфтий Сайид Жейнандын шайлоо митингин бутага алган.
Жергиликтүү бийлик өкүлү Абдул Хамид Хаттак:
- Жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:45те “Жамият Улема -е- ислам” партиясынан провинция кеңешине талапкер муфтий Саид Жейнандын шайлоо митинги кызуу өтүп жаткан кезде болду. Жардырууну мотоцикл айдаган жанкечти жасады. Муфтий аман калды, бирок башка бир нече киши жабыр тартты.
Ушуну менен Талибанга жан тарткан “Жамият Улема–е-ислам” партиясынын шайлоо өнөктүгү экинчи ирет бутага алынды. Кечээги кол салуудан 23 киши мерт кетип, бир нечеси жарадар болгон.
Пакистандагы парламенттик шайлоо 11-майда өтөт. Апрелден бери эле шайлоого байланышкан кыянатчылыктардан өлкөдө жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)