Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Баткенде өкмөттүн аймактагы өкүлүн колдогон митинг өттү


Бүгүн Баткен облустук акимчилигине Кадамжай районунун Бирлик айыл округунун аймагынан 50дөй киши келди. Алар Баткен областынын ичиндеги Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткен жана Кадамжай районунун 15 айылы чектеш турагандыктан Чарбак окуясынан кийин кошуналар менен тынчтык жана өз ара ынтымакты сактоодо облустук бийликтин аракети жакшы болгонун айтышты. Азыркы учурда аталган чек ара аймактарында элдик кошуун түзүлүп, элдин тынчтыгын камсыз кылууга жакындан жардам берүүдө. “Ошондуктан облустук бийликке рахматыбызды айтып коелу деп келдик” -деп билдиришти уюштуруучулар.

Жөн-жай эле мындай иш чара болбойт, муну облустук бийлик өзү эле уюштурду дегендер да болду.

Өкмөт өкүлүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев болсо бул иш-чараны облустук бийлик өзү уюштурбаганын айтып, чек арадагы калк облустук бийликтин жаңжалдар учурунда жасаган ишине ыраазы болуп, өз демилгелери менен эле келишиптир деп билдирди “Азаттыкка”. (JsA)

XS
SM
MD
LG