Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

“Бир дүйнө-Кыргызстан”: эртелеп эне болуу көйгөйүнө көңүл бурулбайт


“Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылы эрте эне болуу, эртелеп никеге туруу маселелерин талдады. Ага ылайык, 2011-жылы ооруканада көз жаргандардын 1,2% өспүрүм курактагы кыздар түзгөн. Ошол жылы чарчап калган ымыркайлардын 8,5% энелери 15-17 курактагылар. Ар жылы болжол менен өспүрүм кыздар арасында 1,2 миңдей бойдон алдырган учур катталат.

Аталган укуктук кыймыл жашоодо мындай учурлар расмий маалыматтан алда канча көптүк кылаарын аныктады. Үй-бүлө, балдар маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик мекемелердин жана ата-энелердин кайдыгерлигинен, маcелеге олуттуу мамиле жасалбагандыктан кырдаал курч бойдон калууда. Иликтөөгө ылайык, эрте эне болуп, эрте никеге туруу бойдон алдыруунун, ымыркайлардын таштап кеткен учурлардын жана өз жанын өзү кыйган көрүнүштөрдүн көбөйүшүн шарттайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG