Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Эне болуу үчүн эң жакшы шарт Финляндияда түзүлгөн


“Save The Children” уюмунун жаңы баяндамасына ылайык эне болуу үчүн эң мыкты шарттар түзүлгөн өлкө - Финляндия, ал эми эң начар шарттар Конго Демократиялык Республикасында. Баяндама 176 өлкө боюнча маалыматты камтыган, анын ичинде Кыргызстан боюнча да статистика берилген. Аялдардын ден соолугу, балдардын өлүмү, билим жана аялдардын айлык акысы изилденген.

Шарты өтө начар он өлкө аныкталган, ал тизмеге Африка өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү, Ооганстан жана Пакистан кирди. Бул өлкөлөрдө 30 аялдын бирөөсү төрөт учурунда каза болот жана ымыркайлардын көбү төрөлгөн күнү көз жумат. Финляндияда 12 000 аялдан бирөө көз жумат. АКШ энелер жана балдарга түзүлгөн шарт боюнча 30-орунда турат.

Кечээ “Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылы эрте эне болуу, эртелеп никеге туруу маселелери боюнча маалымат берген. Ага ылайык, 2011-жылы ооруканада көз жаргандардын 1,2% өспүрүм курактагы кыздар түзгөн. Ошол жылы чарчап калган ымыркайлардын 8,5% энелери 15-17 курактагылар. Ар жылы болжол менен өспүрүм кыздар арасында 1,2 миңдей бойдон алдырган учур катталат.

Быйыл Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде экинчи жолу Энелер күнү белгиленет. 2012-жылы 23-апрелде президент Атамбаев “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон (AiK).

XS
SM
MD
LG