Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ошто акыркы коңгуроого байланыштуу түшүндүрүү иши башталды


Ош шаардык шаардык билим берүү жана Ички иштер башкармалыгы акыркы коңгуроону тынч жана ашыкча чыгымдарсыз өткөрүү боюнча ата-энелер, окуучулар жана мектеп жамааттарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады.

Быйыл 25-майда акыркы коңгуроого байланыштуу кечелерди өткөрүүгө, бүтүрүүчүлөрдүн түрдүү эс алуучу жерлерге барып майрамдашына тыюу салган буйрукту шаардык билим берүү башкармалыгы 6-май күнү чыгарган. Ага ылайык, ал күнү ар бир мектепте саат 9.00дөн 11.00гө чейин акыркы коңгуроо кечеси гана болот. Мектеп менен коштошууга байланышкан салтанаттарды өткөрүүгө бүтүрүү сынактары аяктап, аттестат тапшырылгандан кийин гана уруксат берилет. Быйыл Ош шаарындагы 52 мектепте 2020 окуучу 11-классты аяктайт

Ички Иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги чыгарган буйрукка ылайык, акыркы коңгуроо күнү шаарды милиция кызматкерлери жана Жол коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG