Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Ош: Жаштар комитети көчө марафонун өткөрүшүүдө


Ош шаардык мэриясына караштуу Жаштар комитетинин ыктыярчылары Жеңиш майрамынын 68 жылдыгына карата көчө марафонун уюштурушту.

Алар шаар көчөлөрүн кыдырышып, «Биз унутпайбыз!»,- деген жазуусу бар кутуларга калаа тургундарынан акча топтоп жатышат. Чогулган каражатка Ош шаарындагы согуш ардагерлеринин эски сүрөттөрү жаңыланып, атайын көргөзмө өтмөкчү. Бул тууралуу «Азаттыкка» комитеттин өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, көргөзмө 15-майда ачылат.

Учурда Ош шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 43 ардагер жашайт. Апрель айында Жаштар комитети тарабынан алар жашап жаткан үйлөрдүн дарбазасына ардагердин ысымы жазылган атайын тактайчалар орнотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG