Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Жон Керри Москвада бүгүн орус адам укугун коргоочулары менен жолукту


Керри Москвага Улуу Жеңиш күнүнүн алдынан барды, 7-май, 2013
Керри Москвага Улуу Жеңиш күнүнүн алдынан барды, 7-май, 2013
Азыр орус бийликтери өз өлкөсүндө жарандык коомго кысым көрсөтүп жатат деген камтамачылык күчөп турган чагы. Ушундай маалга туш келген жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Москвадагы элчилигинде өттү. Америкалык мамкатчы менен жолугушууга Хельсинки тобунун Москвадагы өкүлчүлүгүнүн төрайымы Людмила Алексеевадан тарта “Мемориал” уюмунун, “Хюман Райтс Уотч” жана “Гринпистин” Москвадагы өкүлдөрүнө чейин келишти.

Акыркы апталарда орус бийликтери жумурияттагы бейөкмөт уюмдарды жаңы мыйзамдын негизинде суракка ала башташкан. Ал мыйзамга ылайык, сырттан алынган акчага иштегендерди “чет өлкөлүк агент” деп таануу каралган болчу. Керри орусиялык активисттерге кайрылып: “Сиздердин аракетти баары терең урматтайт”, - деп билдирди. Кийин журналисттерге сүйлөп, мамкатчы бул жолугушууда бейөкмөт уюмдарга чабуул жана америкалык жарандарга орус балдарын асырап алууга тыюу салган мыйзамды талкуулаганын билдирди.

Жон Керри Вашингтондун Тышкы саясаты боюнча башкы өкүлү катары Москвага алгачкы жолу барды. Кечээ ал президент Владимир Путин жана Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG