Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Депутаттар сейил бактардагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшерди


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын беш депутатынан турган жумушчу топ бүгүн Бишкектеги сейил бактардагы жана өзгөчө маанилүү жерлердеги курулуштардын мыйзамдуулугун текшерди. Алар “Ата түрк”, “Жеңиш” сейил бактарындагы, Түштүк магистралдагы, “Бишкек парк” соода үйүндөгү, “Карвен клуб” эс алуу борборунун жана Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанындагы курулуштар менен курулушка берилген жерлерди пайдалануунун мыйзамдуулугун карашты. Натыйжада курулуштардын мыйзамдуулугу күмөн жаратат деген бүтүм чыгарылды.

Фракциядагы жумушчу топ 14-майда Бишкек мэриясында көчмө жыйын өткөрүп, ошол жерде ар бир маселе боюнча баасын бермекчи.

Шаар бийлиги аталган жерлердин баары 2010-жылга чейин мурдагы мэриянын жетекчилери бергенин, алар боюнча сотко кайрылып, айрымдарын уттуруп койгонун айтууда.

Социал-демократтар фракциясы элден түшкөн арыздардын негизинде 27-мартта жумушчу топ түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG