Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Чоң-Алай: окуучулар ууланган мектеп текшерилип жатат


Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айылында кенже класстын окуучулары түшкү тамактан ууланган Көк-Суу орто мектебин райондук Ички иштер бөлүмү, прокуратура жана оорукананын өкүлдөрү текшерип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иш козголушу ыктымал.

Чукул кырдаалдар министрлиги ууланган 11 бала ооуканага жаткырылганын, аларга гастроэнтерит деген диагноз коюлганын маалымдаган. Учурда окуучулардын абалы түзүк. (EBM)

XS
SM
MD
LG