Экинчи дүйнөлүк согуштун жана ооруктун ардагерлерин Жалал-Абад шаардык мэриясы бүгүн калаадагы “Тянь-Шань” ресторанында сыйлады.
Кечээ баса албай төшөк тартып жаткан жети ардагерге миң сомдон акча жана азык-түлүк салынган баштык таратылган. Бул тууралуу шаардагы "Согуш жана оорук ардагерлери" кеңешинин төрагасы Аламан Адиев билдирди. Анын айтымында, 9-майда Жеңиш гүлбагында майрамга арналган салтанаттуу митинг өтөт. Анда согуштан кайтпай калгандардын эстелигине гүлчамбар коюлуп, ардагерлерге жоокердик ботко менен жүз граммдан арак берилет.
Жалал-Абад шаарынан Ата Мекендик согушка он миңден ашык адам катышып, алардын төрт миңден ашыгы кайтпай калган. Азыр шаарда согуштун 21 катышуучусу, ооруктун 21 ардагери жашайт.(YA)