Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Орусияда “көзөмөлдөнгөн саясий системанын атасы” кызматтан кетти


Владислав Сурков
Владислав Сурков
Вице-премьер-министр Владислав Сурковдун арызына президент Владимир Путин кол койгону кабарланууда. Бүгүн Кремль таркаткан билдирүүдө Сурков өз ыктыяры менен иштен кеткени айтылат.

Учурунда Путиндин “негизги саясий стратеги” катары аталган Сурков президент Путин өкмөттү анын президенттик убадаларын аткара албаганы үчүн айыптагандын эртеси жумуштан кетип жатат. Ошол эле маалда азыр федералдык тергөөчүлөр Сурков ишин көзөмөлдөгөн “Сколково” инновациялык борборунда акча уурдоолор болгонун иликтеп жатышат.

Өкмөттө болсо Сурков акыркы мезгилдерде орус экономикасын модернизациялоо милдетин алган болчу. 1999-жылдан 2011-жылга чейин ал Орусияда президенттин администрациясын жетектеп келди жана өлкөдө катуу көзөмөлгө алынган саясий системанын түзүүчүсү катары аталган. Муну Владислав Сурков өзү “суверендүү демократия” деп атаганы бар.

XS
SM
MD
LG