Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Бельгияда бриллиант уурдоо фактысы боюнча үч мамлекеттен 31 адам кармалды


Бельгиялык тергөөчүлөрдүн айтымында, кармалгандардын бирөө гана алмаз ташын уурдоого түздөн-түз катышкан. Бүгүн прокурорлор маалымат жыйынында сүйлөп, ал кишилердин бири Франциядан, алтоо Швейцариядан жана 24ү Бельгиянын өзүнөн кармалганын айтышты.

Полиция рейд учурунда чоң суммадагы акча, бриллианттын бир бөлүгү жана кымбат баалуу машинелер табылганын да кошумчалады.

Үч ай мурун, 18-февралда, сегиз адамдан турган кылмышкерлер тобу Брюсселдин аэропортунда полиция формасын кийинип келип, бриллианттар салынган 120 пакетти (10 кг. жакын деп айтылып жүрөт) учакка жүктөө учурунда уурдап кеткен эле. Жалпысынан 50 млн. долларга бааланган ташты уурдоо фактысын Дүйнөлүк Алмаз борбору “тарыхтагы эң ири бриллиант уурдоо окуяларынын бири” деп атаган.

XS
SM
MD
LG