Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 19:32

Миллиардер Усмановдун жакын тууганы автокырсыктан ажал тапты


Ташкен полициясы окуя бүгүн таң эртелеп өзбек баш калаасында болгонун, анда өлгөн эки адамдын бири Алишер Усмановдун жалгыз инисинин уулу Бабур Усманов экенин “Азаттыктын” өзбек редакциясына ырастады.

30 жаштагы Бабур Усманов өзү туруктуу Москвада жашаган, Ташкенге үйлөнүү тоюна келген экен. Ал Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияевдин жээнине үйлөнгөн.

Алишер Усманов - дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири - өзүнүн балдары болбогондуктан, Бабур Усмановду өзүнүн болжолдуу мураскору катары көрүп жүргөндүгүн айтышат.

XS
SM
MD
LG