Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Путин “Ооган коркунучун” эскертти


Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандан келген экстремисттик коркунучтарга каршы туруу үчүн Орусиянын түштүк аймактардагы коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүү керектигин айтып чыкты.

Шаршембиде өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Путин НАТО баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандагы террорчул жана экстремисттик топтор менен күрөштө ийгиликке жетише албай жатканын билдирди. Орус президентинин пикиринде, эл аралык күчтөр Ооганстандагы маңзат өндүрүшүн жок кылуу үчүн дээрлик эч нерсе жасаган жок. Мындан улам 2014-жылдан соң маңзат соодасы жана мыйзамсыз мигранттар агымынын күчөшү мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG