Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Сильвио Берлускониге карата мурдагы өкүм күчүндө калды


Миландын апелляциялык соту Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускониге Милан соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Былтыр октябрь айында Миландын соту саясатчыга таандык болгон Mediaset каналын обого чыгаруу укугун алууда мыйзамсыз иштерге барган, салык төлөөдөн качкан деген айыптар боюнча Берлусконини төрт жылга абакка кесип, 5 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салган. Берлусконинин адвокаты Николо Гедини мындай чечимди “саясатташкан соттордун” чечими деп баалады.

Сильвио Берлускони Mediaset каналына шейшембиде берген маегинде бардык айыптарды четке кагып, чечимге өзүн саясий майдандан кетирүү амалы катары баа берген.

XS
SM
MD
LG