Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Мамдепартамент өкүлдөрү Обаманын администрациясын сындады


АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү Обаманын администрациясын Бенгазидеги чабуул учурунда аракетсиздиги үчүн сындады. Мамдепартаменттин өкүлдөрү бул тууралуу Бенгазидеги кол салууга арналган Конгресстеги угуу учурунда айтып чыгышты. Анда АКШнын Ливиядагы элчисинин мурдагы орун басары Грегори Хикс баш болгон үч адам көрсөтмө берди. Грегори Хикс элчиликке кол салуу учурунда аскерлердин ыкчам тобунун жиберилбегенине дооматын айтты.

Ошондой эле эле мамдепартаменттин өкүлдөрү президенттин администрациясынын элчиликке чабуулду алгач террорчул аракет катары тааныбаганына да нааразылыгын билдиришти.

Былтыр 11-сентябрда Бенгазиде АКШ консулдугуна жасалган чабуулдан төрт дипломат, анын ичинде америкалык элчи Кристофер Стивенс каза тапкан. Окуя Мухаммед пайгамбар тууралуу АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган фильмдин үзүндүлөрү интернетке жайгаштырылгандан кийинки нааразылык акциясы учурунда болгон.

XS
SM
MD
LG