Эскерүү митинги Жеңиш гүлбагында өтүп, ага миңге чукул адам катышты. Анда согушта кайтпай калгандардын арбагына куран окутулуп, бир мүнөттүк үнcүз эскерүү болду.
Митингде өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орунбасары Жумагүл Эгембердиева, шаар башчынын орунбасары Урмат Маматов жана шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев ардагерлерди куттуктап, сөз сүйлөштү. Согушта курман болгондор менен майдандан уулун күткөн эненин эстелигине узундугу үч метр гүлчамбар коюлуп, мылтыктан залп атылды.
Жалал-Абад облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 30 миңден ашуун адам чакырылган. Азыр алардын 254ү тирүү. Майданда жасаган эрдиктери үчүн облустун 7 тургунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.(YA)