Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Ысык-Көл: кара куурайды дары менен жок кылууга 500 миңдей сом керек


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүн башчысы Таалай Түлөбаев “Азатыкка” билдирди. Анын айтымында, кара куурайды дары менен жок кылуу үчүн 500 миңден ашыгыраак сом сурап, облус жетекчилигине, аймакты өнүктүрүү фондуна бир ай мурун кат жөнөтүлгөн. Азыркыга чейин жооп келе элек.

Ысык-Көлдө жыл сайын кара куурайды кол менен оруп, өрттөп жок кылуу иш-чаралары жүрөт. Жергиликтүү милиция түп-тамырынан бери жок кылынбагандыктан мындай операциялар майнапсыз экенин белгилешет.

Жапайы кара куурай облустун көпчүлүк райондорунда жыш өсөт. Гашиш, марихуана алынган бул өсүмдүк тоо-адырларда эле эмес, айыл ичинде көчө бойлой, короодо, тамаркада эгилген өсүмдүктөр арасында кеңири эле кездешет.

Ысык-Көлдө былтыр мурунку жылга салыштырмалуу маңзат боюнча кылмыш көп катталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG