Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Караколдо ардагерлерди куттукташты


Бүгүн Улуу Ата мекендик согуштун 68 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын Жеңиш багында майрамдык иш-чара өттү.

Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов согуш жана оорук ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөштү. Ардагерлер үчүн театралдашкан концерт коюлуп, анда согуш темасына арналган ырлар жаңырды.

Ысык-Көл облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 148 катышуучусу жана 647 оорук ардагери жашайт. (МК)

XS
SM
MD
LG