Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Жарандык коом “Ата Мекен” боюнча Социнтернге арызданат


Кыргызстандагы жарандык коомдун айрым өкүлдөрү “Ата-Мекен” партиясы боюнча Эл аралык социалдык-демократиялык уюм - Социнтернге арыз кат жолдогону жатат. Анда аталган партия өлкөнүн социалдык саясат боюнча мекемесин партиялык коррупциянын булагына айлантып алды деген доомат айтылган.

"2010-жылы апрель окуясынан кийин келген бийлик коалициялык өкмөттү шылтоолоп министрлик-мамлекеттик мекемелерди бөлүшүп алган, Социалдык өнүктүрүү министрлиги “Ата-Мекендин” шыбагасына тийген, ошондон бери бул тармак тууралуу түшүнүгү жок адамдар дайындалып жатат", -деп айтылат катта.

Ошондой эле "Ата-Мекен" көрсөткөн биринчи министр Равшан Сабиров азыр коррупция боюнча соттолуп жатканы, экинчиси-Кылычбек Султанов өз милдетин аткара албай кызматтан баш тартканы, ал эми азыркы сунушталып жаткан Кудайберген Базарбаев буга чейин күмөндүү иштерге аралашканы менен белгилүү экени белгиленген. Катка 15ке жакын бейөкмөт уюм кол койгон.

Аталган партия азырынча бул кат боюнча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG