Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Чоң-Алай: тамактан ууланган балдардын абалы жакшы


Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук оорукананын башчысынын орун басары Арстан Карыбеков билдирди. Анын айтымында, ооруканага түшкөн 11 балага дары-дармек берилгенден кийин эле үйүнө чыгарылган.

Чукул кырдаалдар министрлиги 8-майда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айылындагы Көк-Суу орто мектебинде кенже класстын окуучулары түшкү тамактан ууланып, 11 бала ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Жергиликтүү бийлик бул окуядан кийин райондогу мектептердин баарын текшерген.

Буга чейин окуучулар мектепте тамактан ууланган факт Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында катталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG