Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Түркмөнстанда “Азаттыктын” кабарчысы камалды


Ровшен Язмухамедов
Ровшен Язмухамедов
30 жаштагы кабарчы Ровшен Язмухамедовду түндүк-чыгыштагы Түркменабадда жергиликтүү полиция дүйшөмбү күнү кармап кеткенин анын туугандары кабарлашты. Язмухамедов “Азаттыктын” түркмөн редакциясында былтыр сентябрдан тарта иштей баштаган жана көбүнчө социалдык темадагы макалаларды жазчу.

Бийликтер анын кармалышынын себебин түшүндүрө элек. Аны азыр Ички иштер министрлигинин №6 дирекциясынын СИЗОсунда кармап турушат. Бул башкармалык негизинен уюшкан кылмыштуулук жана терроризмге байланышкан иштерди иликтей турганы менен белгилүү.

Анын туугандарынын айтымында, өлкөнүн коопсуздук кызматтары Язмухамедовду буга чейин бир канча жолу опузалашкан.

XS
SM
MD
LG