Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Чүйдө кыйраган учактын кара кутусу табыла элек


Чүйдүн Чалдыбар айылына жакын жерде 3-май күнү кырсыкка учураган учактын кара кутусу жана үчүнчү учкучтун сөөгү табыла элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, бул боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын тапшырмасы менен министрликтин атайын тобу кырсык болгон жерде издөө иштерин улантууда.

3-май күнү Чүйдүн Чалдыбар айылынан анча алыс эмес жерде “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык “Боинг-707” учагы кулап түшкөн. Маалыматка караганда, учак асманда эле жарылып, үч-төрткө бөлүнүп кеткен. Учакта үч киши болгон. Өткөн ишембиде эки учкучка таандык делген дене бөлүктөрү табылганы кабарланган. Кырсык боюнча өкмөттө комиссия түзүлүп, кыйроонун себептери иликтенип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG