Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Армения президенти Жеңиш майрамын Тоолуу-Карабакта белгиледи


Жеңиш майрамын Армениянын президенти Серж Саркисян Азербайжандан бөлүнүп кеткен Тоолуу-Карабак регионунда белгиледи. Анткени бул күн Тоолуу-Карабактын армиясынын күнү жана “Шуша шаарынын эгемендигинин да күнү” катары белгилүү.

Бул шаар 1992-жылдын 9-майынан тарта Армениянын көзөмөлүнө өткөн. Негизинен армяндар отурукташкан сепаратисттик региондун айынан Армения менен Азербайжандын ортосундагы конфликт дээрлик 20 жылдан ашуун мезгилден бери уланып келатат. Ортодогу согуштан кийин 1994-жылы эки өлкө жарашуу келишимине жетишкен, бирок бул маселеде андан берки аракеттерден анча майнап боло элек. Тоолуукарабактын көз карандысыздыгын дүйнөдө бир да мамлекет тааный элек.

XS
SM
MD
LG