Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Бостон полициясы: жардыруу тууралуу алдын-ала маалымат болгон эмес


Бостон полициясынын башчысы марафондогу жардыруу тууралуу алдын-ала эч кандай маалыматы болбогонун билдирди.

Комиссар Эдвард Дэвис Конгрессте сүйлөп жатып, жардырууга чейин бир тууган Царнаевдер жана алардын үй-бүлөсү тууралуу шектүү маалымат болбогонун айтты. Муну уккан мурдагы сенатор Жозеф Либерман ФБР менен ЦРУ маалымат алмашып, тыгыз иштесе, жардыруунун алдын-алууга болот эле деген пикирин билдирди. Анын айтымында, 2011-жылы Орусиянын тиешелүү органдарынан америкалык коопсуздук кызматтарына жардырууга шектүүлөрдүн бири Тамерлан Царнаевдин радикалдуу исламчыл топтор менен байланышы болушу мүмкүн экени жана 2012-жылы Түндүк Кавказга келип кеткени тууралуу божомол маалыматтар келип түшкөн.

Тамерлан Царнаев 19-апрелде, Бостондогу марафондо жардыруудан төрт күн өткөндөн кийин полиция менен атышуу убагында жан берген. Анын сөөгү ушул бейшембиде жерге берилди. Тамерлан Царнаевдин иниси Жохар Царнаев болсо түрмөдөгү ооруканада дарыланууда. Эгер анын жардырууну уюштурууга катышы далилденсе, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG