11-майда Ысык-Көлдө чуркоо боюнча эл аралык марафон уюштурулуп жатышына байланыштуу Каракол – Бишкек жолунун Бостериден Темир айылына чейинки аралыгы эртең мененки саат тогуздан түшкү экиге дейре маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан кабарлашты. Аталган кызмат бул ыңгайсыздыктар үчүн айдочуулардан кечирим суроо менен бирге мындай чектөөлөргө кабылгысы келбегендер Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жол менен каттап туруусун сунуштайт.