Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

“Дордой” Бутандын чемпионун 9:0 эсебинде утту


Бүгүн Филиппиндер өлкөсүнүн Себу шаарында Кыргызстандын “Дордой” футбол командасы Азия футбол конфедерациясынын кубогунун мыктыларын тандоо мелдешинин экинчи беттешүүсүндө Бутандын чемпиону “Йездин” командасын 9:0 эсебинде утуп алды.

Бул тууралуу "Дордой" клубунун президенти Аскар Салымбеков "Азаттыкка" билдирди. “Дордойчулар” 8-майда Пакистандын чемпиону “КРЛ” менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан. Кыргызстандын командасы 12-майда Филиппиндер өлкөсүнүн чемпиону “Глобал” менен ойнойт.

Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогуна сегизинчи жолу катышкан бирден бир команда болуп саналат.

"Дордой" клубу 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. (EBM/КМа)

XS
SM
MD
LG