Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

АКШ элчиси Максим Бакиев боюнча комментарий берген жок


Бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолукту.

Анда министр АКШда Максим Бакиевге каршы кылмыш иштин токтотулганы Кыргызстанды ирээнжитти деп айтты. Министр мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу боюнча өтүнүчүн Вашингтон кайтарып алганына камтамачылык айтты. Ага АКШда оор беренелер боюнча айып тагылганын, эгер күнөөсү далилденсе ошол өлкөнүн мыйзамына ылайык, 20 жылдан 40 жылга чейин эркинен ажыратылмактыгын белгиледи. Кыргызстан сыртынан соттолгон мурунку президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын алып келүүгө болгон аракетин жумшарын кошумчалады.

Жолугушуунун негизи бөлүгү жабык өттү. Министр менен кездешип чыккандан кийин Памела Спратлен Максим Бакиев боюнча журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты. (EBM)

XS
SM
MD
LG