Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

АКШ Ооганстанда тогуз аскер базасын калтырат


Президент Хамид Карзай 2014-жылы Ооганстандан НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин тогуз базасын калтырууга макул болгондугун айтты. Расмий Кабул болсо Кошмо Штаттардан бул үчүн улуттук күчтөр менен экономиканы калбына келтирүүгө жардам алат. Карзай өзгөчө өлкөнүн инфраструктарасы кайра курууга муктаждыгын баса белгиледи.

Бейшембиде ооган президенти Кабул университетинде сүйлөгөн сөзүндө Вашингтон менен эки тараптуу коопсуздук пактына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын дагы айтты. Бул документ 2014-жылдан кийин Ооганстанда америкалыктар кандай шартта, канчага кала тургандыгын аныктайт.

XS
SM
MD
LG